ӨКМ: "Ош шаарындагы Алишер Навои көчөсүндөгү өрт жарым саат аралыгында өчүрүлгөн"

Кечээ, 7-ноябрда Ош шаарынын "Келечек" базарынын жанында өрт чыгып, Өрт өчүрүү кызматы келбей жатканы тууралуу кабарланган. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Нурбек Абдраимов ал өрт маалымат түшкөн соң жарым сааттай аралыкта өчүрүлгөнүн SUPER.KG порталына бүгүн, 8-ноябрда кабарлады.

"Алишер Навои көчөсүндөгү "Шанхай" кафеси өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат саат 15:54тө түшкөн. Ал көчөдө бир нече Өрт өчүрүү кызматы бар болгондуктан, кызматкерлер ошол замат кырсык болуп жаткан жакка жетип барышкан. 2 өрт өчүрүүчү унаа менен барган бөлүм өрттү саат 16:35те өчүргөн. Имараттын 100 чарчы метр пластикалык шыбы күйүп кеткен. Азырынча өрттүн эмне себептен чыкканы тактала элек", - деди Абдраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azizbek.kg8
2016-11-08 17:56:16
Кочолорду качан алмаштырасынар Навайи павайы кылбай Кыргыздарды чыган инсандарынын ысымдарын койбойсуздарбы,Анан Оштун борбордук аянда 25жылдан бери турган капыр В.И.Лениндин да эстелигин алып малыш керек .анын оордуна Дале кыргыздын чыгандарын койсо болмок,
+13
Rahim76
2016-11-08 18:51:51
Azizbek.kg8 Биринчиден ал эстеликти алганга бизде техника жок.Экинчиден тарыхты кобуроок окусан Лениндин пайдасы бизге коп болгон.Окубасан чондодон сура.
-6
Azizbek.kg8
2016-11-08 19:58:32
Rahim76,мункун салымы чондур,бирок дин жаатына келсек мусулмандарды намаз окуу учун Жана мечиттерди курууга чек койгон бекинип намаз окушкан деп угуп калгам,Ленин озунуз кудай элестетип алган жери бар,Кудай ага каргыш айтып жерге да асманга да албайм аны деген создор бар,ошону учун москванын так ордосунда азыркыга чейин соогу турат .
+5
Rahim76
2016-11-08 20:49:07
Azizbek.kg8.Дин жагына келсек мечит курдурбоо,
намаз окууба,кудай жок деп Ленин олгондон кийин
совет доорунда деле болгон.А соогун балким жерге
чындап берсе кабыл алып калар.Орустар оздору
жерге жаеындатып коро элек.
-1
elmurat.kg
2016-11-08 19:21:11
ленин болбогондо биз уйгурларга окшоп калышыбыз мумкун эле же жарымыбыз кытайда журуп кетмекпиз.КР эгемен болуусуна лениндин орду чон
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан