ЖЫЛНААМА, 9-НОЯБРЬ: 1989-жылы Кытай Элдик Республикасынын Аскердик-борбордук кеңешинин башчысы Дэн Сяопин отставкага кеткен

Кытайлык саясатчы жана реформатор Дэн Сяопин 1904-жылы 22-августта Сычуань провинциясынын Гуанъань кыштагында төрөлгөн. Чыныгы аты-жөнү Дэн Сяньшэн болгон. Дэн Сяньшэндин кичине кезинде апасы каза болуп калат. Атасы аны мыкты делген мектепке киргизип, билим алуусуна шарт түзөт. Окуп жүргөн чагында фамилиясын Сяопин деп өзгөртөт. 1919-жылы 15 жаш курагында Францияга окууга жөнөйт. Акчадан кыйналганына байланыштуу окуп да, иштеп да жүрөт. Алгач темир жолдо, кийинчерээк “Рено” автозаводунда, андан соң өрт өчүргүч, официант болуп эмгектенген.

1923-жылы Кытай жаштарынын коммунисттик союзуна кирет. 1923-жылы Кытай Коммунисттик партиясына (ККП) өтүп, Кытай жаштар союзунун лидери да боло алган. 1926-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин университетине тапшырып, билим алат. 1945-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын катчысы болуп орношот. 1952-жылы вице-премьер болуп иштейт. 1966-1969-жылдардагы маданий төңкөрүштөн кийин Дэн достору менен репрессияга кабылган. 1973-жылы акталып, премьер-министрдин орун басары болуп дайындалган. 1975-жылы ККПнын төрагасынын орун басары болуп кызмат кылган. 1977-жылдан тарта өлкөнүн экономикасын, айыл чарбасын, өндүрүш, курулуш, экспортту жөндөөгө жетише алган. Кытайдын экономикасынын дүркүрөп өсүп-өнүгүшүнө жана дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулушуна чоң салым кошкон Дэн Сяопин "кытай кереметинин" жаратуучусу атыккан.
Ошол кезде Кытай Элдик Республикасынын Аскердик-борбордук кеңешинин башчысы болуп турган Дэн Сяопин 1989-жылы 9-ноябрда отставкага кеткен. Ал 1997-жылы 19-февралда Пекинде каза болгон. Анын ысымы 1996-жылы июнда Бишкектин көчөсүнө ыйгарылган.

9-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан