Бишкекте Бөкөнбаев көчөсүндө 5 жер мыйзамын бузуу фактысы катталды

Бүгүн, 10-ноябрда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын инспекторлору тарабынан мыйзамсыз курулуштар боюнча рейд жүргүзүлүп, Бөкөнбаев көчөсүндөгү 5 мыйзамсыз курулуш аныкталды.
Аталган көчөдөгү тротуарларды "Элит Хаус" жана "Классик Холдинг" компанияларынын курулуштары тосуп, жөө адамдарга ыңгайсыздык жаратып жатканы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, көп кабаттуу үйдүн курулуштары жыл башынан бери тротуарларды тосуп турат. Буга чейин бул компанияларга аталган инспекция тарабынан эскертүү берилген.
"Эгер эскертүүлөр боюнча жыйынтык чыкпаса, чара көрүлөт", - дешти инспекторлор.
Ошол эле көчөдө тротуарды тосуп алган дарбазанын ээсине эскертүү берилди. Анын айтымында, өзүнүн жер тилкесин 2010-жылы мародёрлуктан чочулап тосуп алган. Эскертүүдөн улам дарбаза жылдырылмай болду. Ошондой эле жеке дарыкана жана дүкөн ээлери жер мыйзамдарын бузганы аныкталып, аларга да эскертүү берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан