Советтик мамлекеттик, партиялык ишмер, СССРдин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы Леонид Брежнев 1907-жылы Днепродзержинск шаарында туулган. 1937-жылы Курск аймагындагы окуу жайды аяктайт. 1931-жылы партияга кирип, 7 жылдан соң облустук комитеттин катчысы болуп иштей баштайт. Согуш башталганда Түштүк фронттун башчысынын орун басары кызматын ээлеп, 1943-жылы генерал-майор чинин алган.
Согуштан кийин Л.Брежнев саясий ишмер катары өскөн. Украинанын, андан соң Молдованын облустук комитетинин катчысы болуп эмгектенген. 1952-жылы Борбордук комитеттин мүчөсү болуп шайланган. И.В.Сталин каза болгондо Н.С.Хрущёвдун сунушу менен Л.Брежнев Казакстандын Коммунисттик партиясынын катчылыгына дайындалган.
1956-жылы кайрадан Борбордук комитетке келип, бир жылдан соң президиумдун мүчөсү, 1960-жылы президиумдун төрагасы болгон. Л.Брежнев партиянын башчысы болуп дайындалганда, партиялык түзүлүш мамлекеттик түзүлүшкө өтөт. Ал бийликке келгенде бир нече советтик жазуучулардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Алардын бири Александр Солженицын болуп эсептелет.
1977-жылы Л.Брежнев тууралуу "Эркиндик аскерлери" ("Солдаты свободы") аттуу тасма жарык көрөт. Анда башкы ролду актёр Е.Матвеев аткарган.
Саясий ишмер Виктория Денисовага үйлөнүп, Галина жана Юрий аттуу уул-кыздуу болгон. Л.Брежнев 1982-жылы 10-ноябрда көз жумган.
10-ноябрга карата жылнаама.