Биз социалдык тармакта

Жыл башынан бери өлкө аймагында 357 карышкыр, 25 бөлтүрүк жок кылынган

Жыл башынан бери өлкө аймагында 357 карышкыр, 25 бөлтүрүк жана 928 чөө жок кылынган. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Аңчылык департаментинин адиси Баатыр Абдраимов SUPER.KG порталына билдирди.

Баатыр Абдраимовдун айтымында, карышкырдын адамдарга кол салуусу боюнча жыл башынан бери 4 учур катталган. Кочкордогу 8-ноябрдагы окуя бешинчиси болуп калды.

Карышкыр менен чөөдөн 132 ири мүйүздүү мал, 63 топоз, 249 жылкы, 49 эшек, 527 кой-эчки жабыркаган. Ошондой эле атылып өлтүрүлгөн 142 баш карышкырга 852 миң сом, 682 баш чөөгө 1 миллион 364 миң сом сыйлык берилген”, - деди Баатыр Абдраимов.

Буга чейин жергиликтүү тургун Ак-Жар айылындагы сарайлардын биринде 4-класстын окуучусуна карышкыр кол салганын билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан