Өлкөдө жыл сайын 8 миңге жакын бала ара төрөлөт. Арасында 500 грамм салмактагы наристелер бар

Бүгүн, 17-ноябрда Ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата борбор калаадагы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарага ара төрөлгөн деген жаш балдар ата-энелери менен, борбордун кызматкерлери катышты. Анын алкагында балдар үчүн атайын оюн-зооктор, сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, чакан дасторкон да даярдалган.

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун ара төрөлгөн жана оорулуу ымыркайлар боюнча бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева иш-чара, өлкөдөгү ара төрөлгөн балдар, анын себептери тууралуу буларга токтолду:

"Бүгүнкү иш-чаранын максаты - ара төрөлгөн балдарды, алардын ата-энелерин, жакындарын колдоо. Себеби алар башка наристелерге салыштырмалуу башкача назик болушат, көп көңүл бурууну, камкордукту талап кылат.

Дүйнөдө жаңы төрөлгөн балдардын 14 пайызын ара төрөлгөндөр түзсө, биздин өлкөдө жыл сайын 8 миңге жакын бала ара төрөлөт, тагыраагы, 4,8 пайызды түзүп калат.

Биздин өлкөдө 2004-жылдан бери 500 грамм салмакта туулган баланы да бала деп эсептеп баштадык. 32 аптага чейин наристени эмчек эмизүүгө бербейбиз, себеби өздөрү жакшы эме алышпайт. Баланын эмип кетишине, абалына карап, бир топ торолуп калгандан кийин гана ооруканадан чыгууга уруксат беребиз. Ошондо да дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турушат.

Көп нерсе эненин ден соолугуна байланыштуу. Кош бойлуу эненин кан басымы көтөрүлүп кетсе, операциялык же жөнөкөй жол менен баланы төрөтүп алышат. Негизи, азыр ара төрөлгөндөр ушуга байланыштуу болуп жатат".

Бүгүн Ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан