16-ноябрда “Түндүк электр” ачык акционердик коому өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Чүй жана Талас облусундагы 1766 абоненттин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрдү. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ушул эле күнү төлөм терминалдарынан өз маалында жүргүзүлбөгөн эсептерди төлөгөндөн кийин жарым саат ичинде 741 абонент электр камсыздоого дистанциондук түрдө кошулду. Учурда өчүрүлгөн абоненттердин көпчүлүк бөлүгү электр камсыздоого кошулган.