SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Бишкектеги кайыр сураган майыптарды цыгандар карашат экен" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Brutality).
Видеодо цыган делген аялдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды алып келип, жолго кайыр сураганга таштап кетип жатканы көрсөтүлөт. Видеонун автору күзөткөндөй, аларга боор ооруган айдоочулар улам тыйын таштап кетишет. Алар күнүнө 1000 сомдой табары, кечинде келип цыган аял алып кетери көрсөтүлөт. Чынында, аларды көзөмөлдөгөн бирөө барбы, видеодон байкап көрүңүз.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.