Ак-Талаа районунун Куртка айылында 8 эшек уурдалды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, уурдалган эшектерди Нарын дарыясынын жээгине алып барып союп, терисин сыйрып кетишкен. Калганын дарыянын жээгине ыргытып салышкан. "Убал-сооптон коркушпайт экен. Милиция каякты карап жатканы белгисиз. Өткөндө эшек союп, терисин саткандар кармалганын айтышкан. Андан дагы дайын жок. Кээде ойлонуп да кетесиң, милиция өзү кошулуп кетип жатат окшойт деп", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.