ЭЛДИК КАБАР: Бишкектеги "Дордой" базарынын бастырмалары кулап жатат

Бишкектеги "Дордой" базарынын бастырмалары кулап жатат. Бул тууралуу окурмандар SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлашты. Биринин айтымында, бастырмалар кардын оордугунан куласа, бириники боюнча, оңдоп-түзөө иштери жүрбөгөндөн кулаган.

"26-ноябрь күнү "Дордойдогу" "Алкан-Кербен" базарынын бастырмасы жааган кардын көптүгүнөн улам кулап түшкөн. Бир унааны басып калган. Бактыга жараша, адам өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Себеби ал катарда соода иши жүрбөй калып, товар сакталуучу кампалар болгон. 27-ноябрда саат 15:00 чамасында "Дордойдун" "Кербен" базарынын бастырмасы да кулады. Соода кылып жаткан сатуучулар контейнерлерине качып кирүүгө үлгүрүшкөн. Жаракат алгандар жок. Албетте, мындай кырсыктар соодагерлердин жана сатып алуучулардын өмүрүнө коркунуч жаратууда", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Дордойдо "Алкан" базарынын чатыры кулады
Дордойдо "Кербен" базарынын чатыры кулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
vabank
2016-11-28 11:24:03
Интернеттен окуп суперге да чыгат деп ойлогон элем (элдик кабарга)...))
+2
Nazikbaigazy
2016-11-28 12:31:21
Аттин ай аттин Ашабыз миллиардтарды азраак жегенде жакшы болмок азыркы абалыбыз адам ыйлай турган, борбордун Бишкектин кейпи ушул болсо башкасы кандай?
-3
Naiman24
2016-11-28 15:04:02
Nazikbaigazy, АШАдын бул ишке тийешеси жокда, базар ээлери жооп берсин
+1
Medina87
2016-11-28 12:51:15
Базардын администрациясы не иш бутургонуно айлык алат болду экен...
+5
rusi0005
2016-11-28 13:06:09
3-4 кабатуу торговый базар салса жакшы болмок шартыда болот эле, биздин базарлар ич эле онуго албай жатад
+3
Nur1k
2016-11-28 14:07:36
rusi0005, 3-4 кабаттуу торговый центр салса онугуп кетпейбизби? Хехе кудурети жетпей калдыго мындай нерсеге
+1
ozgeldi
2016-11-28 14:14:51
Афганистандын кээбир кочолоруно окшоп кетет экен
+3
dina1983-19
2016-11-28 14:47:42
Бул кар көп жаагандан кулады десек мындан көп жааса кандай болот. Муну курганда сапатсыз салган. Кардан эмес.
+2
Nursultan.m.n
2016-11-28 15:51:18
Салымбеков 6этаж заманбап торговый центр салып койсо болмок
+3
azamat.k
2016-11-28 16:37:40
Дордойдун келечеги жок да,ошону сезип билип туруп Салымбеков эч кандай торговый центр салгысы келбейт.
0
fanatka19
2016-11-29 05:44:42
Салымбековтун жанына барып кыпчылып эптеп септеп салган базарды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан