ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги Орозбеков көчөсүнүн абалы мышык ыйлагыдай" дейт окурман

Бүгүн, 28-ноябрда аба ырайынын жылышы менен жолдордогу муз эрип жатат. Бишкектеги Орозбеков көчөсүнүн азыркы абалы тууралуу oкурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Орозбеков көчөсүнүн этеги, Мещан (эски аталышы Киргизия) көчөсүнүн башталышындагы жолдун азыркы абалы мышык ыйлагыдай болуп турат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
tulpar90
2016-11-28 17:22:52
Мышыктар ыйлаганга үлгүрбөй калды окшойт,биздин бардык жолдор ушундай.
+7
Saidulla
2016-11-28 17:32:18
Эх кундо отомда , Ошол жэрге келгенде Бешикте эле жаткандай чайпаласын го чиркин.
+11
sultan89
2016-11-28 17:39:29
2чи суроттогудой эле болуп калыптыр жол,"Элтойду"))))))
+13
fanatka19
2016-11-28 17:40:22
Баардык жолдор ушул абалда.
+8
don_quixote
2016-11-28 17:54:02
Мышык эле эмес баардык жаныбарлар (жылан да) ыйлай турган болуп калыптыр.
+4
Bishkek.001
2016-11-28 17:57:17
Мандаттарга алтын чаптагыча жолдорго асфальт чаптаса болмок
+20
Das151193
2016-11-28 18:05:26
Мышык эмес ошол орозбеков кочосу эле ыйлап жатса керек...
+3
mambo-1984
2016-11-28 18:21:48
Бул дагы жакшы Лущихинаны корсон мышык ыйлабай эле асынып олуп калат .
+14
Kakaly
2016-11-28 21:59:47
mambo-1984,
-1
MAN-CITY
2016-11-28 18:49:42
Бишкектин кочолору менен башка столицалардын кочолорун караштырып кордум. Жайында Баку шаарында болдук кочодо бир кыпындай мусор жок, ото таза шаар экен.
+2
Pirimkul
2016-11-28 18:53:43
чондор жеп ичип ХХХ отурса мышык эмес кинконг да ыйлап атат
+4
admin_portal
2016-11-29 11:38:19
Pirimkul, этика нормаларын сактаңыз!
-1
akil.91
2016-11-28 20:26:30
6 жылдан бери чет жактамын. Жанылыктарга карап олкобуз онугуп атат деп журо бериптирмин кайран жаным.
0
GGggUUuuLLll
2016-11-28 21:10:12
Ушул жерди борбор деп айтуунун озу уят
-1
Kroxa
2016-11-28 22:30:12
Элтойду жакты мага жолдор го конумуш кундогу жол...
-1
bond0202
2016-11-29 08:10:49
мышык ыйлабай мындай жолдорго конумуш нерсе деп
-1
Barchynbek
2016-11-29 08:31:27
Элтойду деп ошол жерге туш келгенин кара тоба кылдым
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан