ЭЛДИК КАБАР: Окурман Бишкектеги өрт жайылып, жанындагы үйлөрдүн тургундары чыгарылбаганын айтат

Окурман Бишкектеги өрттү өчүрүүгө 1 өрт өчүрүүчү унаа келгенин SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Аябай чоң өрт болуп жатса 1 эле өрт өчүргүч 25 мүнөттөн бери алышып, жарым сааттан кийин калганы келди. Өрт жанындагы имаратка өтүп кетти. Эч ким жанындагы үйлөрдөн адамдарды чыгарган да жок, куткаруучулар келген да жок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Аалы Токомбаев көчөсүндөгү чоң өрт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rasul_Rahmanaliev
2016-11-29 09:54:27
Кудайым кырсыктан сактасын!
+4
akzuura
2016-11-29 10:09:04
Өрт көп болуп жататго,наябрьдан бериле 3-4 үшундай чоң өрт катталды окшойт!баарыңар өзүңөрго сак болгула,жабыркагандар сак болсо экен ылайым.
+4
nurik11-29
2016-11-29 10:31:39
akzuura,туура айтасын))))силер жак тынч элеби?
-2
dasta
2016-11-29 11:47:10
Алла сактай кор дом куйуп жатавы.
0
kamchatka
2016-11-29 12:29:44
Ортту коргондон кийин озун эле чыгып кетда же сени которуп чыгыш керек беле@
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан