Бүгүн, 23-апрелде Москвадагы иш сапарынын алкагында Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушат. Анда энергетика, тоо-кен, транспорт тармактары боюнча сүйлөшүүлөр болору, бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Мындан сырткары “Кыргызгаз” ишканасын Орусияга сатуу жана Кыргызстанда жаңы курула турган ГЭСтер да талкууга алынары маалым болду.