Учурда Кыргызстандын аймагында 560ка жакын кыргыз-орус ишканалары бар. Бул тууралуу 22-апрелде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Орусияда өткөн кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин 2-жыйынында айтты. Белгилүү болгондой, аталган ишканалардын ичинен 193үн 100 пайызга Орусия тарап каржылайт. Ишканалар негизинен соода, өнөр жай, курулуш жана тейлөө тармагы боюнча иш алып барышат.