Бишкектеги гипермаркеттердин биринде сатылган күрүчтөн өлгөн чычкан чыкты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бишкектеги "Фрунзе" гипермаркетине күрүч алганы келип, андан өлгөн чычканды көрүп калдым. Администрацияга айтсак, кош көңүл мамиле жасап коюшту. Мындай көрүнүштөр башка дүкөндөрдө да болуп калышы толук мүмкүн. Андыктан андай нерселердин алдын алыш керек", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.