ЭЛДИК КАБАР: Тогуз-Торо районунда иттер короодогу малга кол салышууда

Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында иттер короодогу малга кол салышууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Окуя бүгүн таңга маал болду. Сарайга кирип келгенибизде үч ит сыртка чыгып кетти. Короону карасак, жалпы 5 кой, 3 козуга кол салышыптыр", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ainur78007
2016-12-06 11:13:51
Текшериш керек,кутуруп кетпеди бекен
0
Rifle_I
2016-12-06 18:30:01
Элдик кабардан кийин ветеринардык кызмат, сан.эпид.көзөмөл креслого көпкө отурбай калды го. Текшериш биякта калсын, отчеттун артынан отчет деп жүрүп бир аз арыктайт.
0
Bars88
2016-12-06 11:41:02
Итти бага албагандан кийин башына урушабы.Ага дагы тамак бериш керек да.Кээ бирлери бар итти багып алышат дагы эч нерсе бербейт,же байлабайт
+4
ekaterinburg
2016-12-06 12:12:16
Bars88,ит ач калса да тируу койго асылбаш керек болчу.Соо иттер эмес.Же кутурган иттер.
+4
suluktinskiy
2016-12-06 13:41:03
Bars88, туура айтасын итти кээбир адамдарга кереги деле жок багышат итти айылдын четинде жашаган аламдар бакса болот там ташын мал салын коруганы
+1
fanatka19
2016-12-06 12:32:12
Иттер тамактан албаш керек эле,бул карышкыр эле го тамактап кетиптир.
+2
Bishkek.001
2016-12-06 12:53:41
ХХХ баарын атыш керек
+1
admin_portal
2016-12-06 13:13:21
Bishkek.001, этика нормаларын сактаңыз!
0
Siren90
2016-12-06 13:12:11
Казарманда туруп укпадык го чын бекен деги
+1
Kroxa
2016-12-06 16:00:19
Кызык го иттер тамактап кеткени,,ушунча ач калышканбы??эмне иттер болду экен???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан