Чоң-Алайда кар жаагандан бери тазаланбаган жол өкмөт башчы келет дегенде тазаланды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Кечээ эртең менен Чоң-Алай районунун №16-Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери күндө көк жылгаяк болгон Сары-Могол-Кара-Мык унаа жолун кардан тазалап жатышыптыр. Жол кызматкерлерине жан кирген окшойт десек, андай болбой эле, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун урматына тазаланыптыр. Жол кызматкерлери чоңдор келгенде гана жолду тазалашабы? Кар жаагандан бери бир да жолу тазаланган эмес. Эгер андай болсо, кар жааганда чоңдорубуз райондун жол кызматкерлерин ойготуп коюшса", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.