“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп жана өлкөдөн чыгып кеткендигин изилдөөчү депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Турсунбай Бакир уулу, Эркин Сакебаев жана Нуркамил Мадалиев Нарын шаарына барышты. Бул тууралуу депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди. “Жаңы эле Нарын шаарына келдик. Биз менен чогуу гематолог дарыгер да келди. Биздин башкы максат - №4-СИЗОну жана дарыгерлердин “мыйзамдагы ууруга” чыгарган анализдерин текшерүү. Бул жакта канча күн болорубузду билбейм, аны текшерүүнүн жүрүшү көрсөтөт”,- деди эл өкүлү.