ЭЛДИК КАБАР: Аксы районунун Кара-Жыгач тилкесинде тургундар суунун аркы өйүзүнө асма көпүрө менен өтүшөт

Аксы районунун Кара-Жыгач тилкесинде суунун аркы өйүзүндөгүлөр өз өмүрлөрүн тобокелге салуу менен өтүшүүдө. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Бул көрүнүш Кара-Жыгач тилкесинде тартылып алынды. Суу көп келгендиктен, салынган көпүрөлөрдү алып кете берет. Мындан улам суунун ары жагында жашагандар асма көпүрө куруп алышкан. Андан жаш балдар да өтүшөт экен. Жанагы партиялар ушул жерге жаңы, бекем көпүрө салып берип коюшса. Себеби тургундар өз өмүрлөрүн тобокелге салышууда", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Аксыда асма көпүрө жасап алышыптыр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Patriot...kg
2016-12-08 15:28:15
Охоо эже катуу катуу
+4
Musabaeva.
2016-12-08 15:33:39
Бекер концерт коюп, акчаны абага учурбай элге пайдалуу иштерди кылышса болмок.
-1
Mushker2013
2016-12-08 15:48:28
Молодец эже бар болунуз.Сиздей баатыр айымдардын бары бизге чоон бакыт
+4
Edik_86
2016-12-08 15:54:54
суунун аркы бетинде эки уч эле там бар .партия 3 там учун мойнунан жетелесенда ал жеке салып бербейтко
+2
meni_kut
2016-12-08 17:52:36
Айылда патриот жигиттер топтолуп копуро куруп койгула сооп болот.Бийликтен умут кылбагыла
+1
aksy-beka
2016-12-08 18:28:20
2 эле уй-булоо бар,кара-жыгач айылынын баардык тургундары эмес
+1
elmurat.kg
2016-12-08 20:18:39
бул кадимки эле сай .эжеге (там)бердим а так.2-3эле уй бар ал жерде
+1
Sayragul
2016-12-08 21:51:55
Бул жерде кайсы участкадан кайсы участкага отулот, мындай ыкма менен. Кандай болсо дагы чыгармачылык менен койгой чечишиптир. Афлатундан келген суубу же Карасуудан келген суубу.
+1
aksy-beka
2016-12-09 20:24:41
Sayragul, афлатун суусу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан