ЭЛДИК КАБАР: Оштогу шайлоо тилкелери "жансыз", шайлоочулардын келүүсү төмөн болууда

Оштогу шайлоо тилкелери "жансыз", шайлоочулардын келүүсү төмөн болууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Добуш берүү жайларында комиссия мүчөлөрү гана отурушат. Дагы жакшы, окуу жайлар бар. Мугалимдер менен студенттерди тизмектеп, референдумга деп тизмелеп өткөрүп жатышат. Муну адам укугун бузуу, мажбурлоо, бийликтин ачыктан-ачык уурулугу десе болот. Булар болбосо бүгүнкү бийликтин абийири айрандай төгүлмөк", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nusii
2016-12-11 17:26:25
оа бугун бизда шайлоого бардык Ошто Филфакта болду , эрте менен кураторлор чалып келгиле келгиле деп жатты, келсек декан озу регистрация кылып жатыптыр, анан кирсек очередь экен бир саат кутуп зорго кирдик
+1
Munarbek1988
2016-12-11 17:27:33
ишкананалар машиналар менен адам ташып атат
0
Nusii
2016-12-11 17:31:24
Чындап бул шайлоого студенттер эле катышып жатат. Аларда катышпайт эле, алдыда модуль,зачёт турат. Мугалимдер оздору текшерип турат баш болуп, келдинби жок деп.Келсен деканга кирип отчёт берип, бул бала келди деп, бул бала келбеди деп.
+2
almazbei
2016-12-11 17:34:00
Копчулук айылдарда шайлоо кечки саат 18 ден кийин кызыйт,кечкибазар башталат, корунгон бурчта уймоктолгон адамдар болот.
-3
kenjebek_a
2016-12-11 19:26:42
Ал дейбиз,бул дейбиз баарыбир АШАнын айтканы болот.Болбосо электрондук эсептегич бузулат беле.Демек кандай жыйынтык чыкса да отткон болот.Бул жыйынтыкты да шайлоону да тааныбаш керек.Себеби боршайком,Сарпашов баары электрондук деп убада бертшкен.Эл аз келишин билген,ошон учун электрондук вариант бузулуп жатат.Кыскасы ыплас шайлоо болду.
+4
adilet...97
2016-12-11 20:33:23
Эмнеге студенттерди мажбурлап алып келет? Өздөрү ыктыярдуу келишсе болбойбу? Маанилүү нерсеге да кайдыгер карайбыз да...
0
iasin
2016-12-11 23:17:07
Эч ким акча бербей койду да, ошол үчүн "жансыз" болду да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан