Бишкектеги "Манас" аэропортунда 3 күндөн бери Ошко учак учпай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Анын айтымында, мунун себеби Оштогу аэропортто туман болгонуна байланыштуу деп жатышат. "Биз Москвадан Бишкек аркылуу Ошко учмакпыз. Азыр баарыбыз күтүп отурабыз. Эл 3 күндөн бери уча албай жатат. Аэропортто үйү жок калгандарга жатакана, шарттар каралган эмес", - деп арызданды окурман.
Айта кетсек, "Ош" Эл аралык аэропортунда туманга байланыштуу учурда 7 рейс кармалып турат. Анын бешөө ички каттамдарды аткарууга камынып турса, калган экөө Орусияга учмак (Екатеринбург жана Москва шаарларына). Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропортунан кабарлашкан.
Маалыматка ылайык, тумандан улам алдыда 100-300 метр аралык гана даана көрүнүүдө. Негизи, коопсуздук үчүн кем дегенде 550 метр аралык көрүнүшү керек.
Акыркы каттамдар Оштогу туманга байланыштуу Бишкектеги аэропортко конушкан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.