Жалал-Абад облусунда кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 10:34төн 10:46га чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары улантылды. Жалпысынан 6 снаряд атылып, натыйжада 32 миң метр куб кар көчкү түшкөн.
Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында жумуш толук аяктап, артиллериялык топ Чүй облусунун аймагына жөнөп кетти.