ЭЛДИК ВИДЕО: 68 жылдан бери боло элек Айдын ири көрүнүшү дагы кайталанды

SUPER.KG порталына "68 жылдан бери боло элек ири көрүнүш кайталанды" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Zor_go).

Буга чейин ноябрь, декабрь айларында Ай Жер менен жакын болуунун жогорку чегине жетип, бул айларда Айдын толгону байкоочуларга өзгөчө чоң жана жарык болуп көрүнөрү маалымдалган эле. 14-ноябрь күнү Айдын укмуштуудай толуп турган көрүнүшү катталган. Ал эми кечээ, 13-декабрдан 14-декабрга караган түнү жогоруда аталган көрүнүш кайталанып, аны дүйнөдөгү миллиондогон адамдар көрө алышкан. Маалыматтарда Ай бул жылы акыркы ирет Жер планетасына өтө жакын келгендиктен, өзгөчө чоң жана жарык болуп көрүнгөнү айтылат.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BlackMan
2016-12-14 14:58:59
Ооба. Кече күнү башкача болуп турган болчу.
+2
paula.90
2016-12-14 17:04:09
Иии кечинде сыртка чыкканда айлана жарык болуп турган эле,,бир карап сарасеп койбоптурмунда айга..
+1
bond0202
2016-12-14 17:10:29
бугун карасак коробузбу же буттубу
0
suranam
2016-12-15 14:08:50
Ии ошода мен дагы айды карап койгом,озгочо жарык болуп турат деп.Тунук,жарык ,чоон болуп турган.Коргонум жакшы болуптурда )))68 жылда бир келчу учур турбайбы.Суйунуп жатам озунчо эле)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан