SUPER.KG порталына "Маймылдын жүрөгү түшүп калды" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Go_Pro).
Видеодо кичинекей, кооз кийинген, артына себет асынган маймыл менен иттин кетип бара жатканы көрсөтүлөт. Ошол учурда алар өтчү жолдо байланып турган чоң ит аларды көрүп үрө баштайт. Маймылдын колунан ит бошонуп, үргөн иттин жанынан чуркап кетет. Ал эми маймыл айласын таппай ордунда туруп, бир аздан кийин ары басып кетет. Бир маалда чыгып, жонундагы себетти башына кийип, байланып турган иттин жанынан чуркап өтүп кетет. Акылдуу маймылдын бул ойлоп тапканы көрүүчүнү күлкүгө бөлөйт. Анда баары кандай болгонун видеодон көрүңүз.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.