"Бишкектеги Мамлекеттик каттоо кызматында бир арыз кагазы 50 сом турат экен", - деп билдирди окурман SUPER.KG порталына бүгүн, 14-декабрда WhatsApp аркылуу.
"Бир А4 арыз толтуруу баракчасы 50 сом турат экен. Айдоочулук күбөлүгү үчүн банкка дагы 1200 сомдой төлөйсүӊ. Анан сүрөткө деп 50 сом алат. Бул акчанын баары мамлекетке түшөбү, ага бааны ким коёт?" - деп суроо салган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.