ЭЛДИК КАБАР: Кара-Суунун Папан айыл аймагындагы мектеп начар абалда

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы орто мектеп начар абалда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, аталган мектепте 11-декабрда шайлоо өткөн. "Мектептин абалын көрүп ыйлагым келди. Мындан эки жыл мурун сел жүрүп, жараксыз абалга келген экен. Өкмөт тарабынан каржылоо жок болгонбу, айтор, ошол эле мектепти тазалап, эптеп сабактар өтүлүп жатыптыр. Айрым бөлмөлөр такыр жараксыз болгондуктан, окуучулар мектептин жанындагы үйлөргө барып окушат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirzohidjon
2016-12-15 09:19:55
Смартфон талаш болот го эми супермаркетпи же мектеппи!?
0
panda7
2016-12-15 18:17:52
М.Мырзакматов баарында салып албапсынар да каап.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан