Баткен шаарында 26-апрель күнү боло турган 1-эл аралык инвестициялык форумга кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Бул иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, элчилер, эл аралык уюмдар, өлкөдөгү бардык облус башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Иш-чарада инвесторлорго жана донордук уюмдарга Баткен облусунун аймагында ишке ашыруу мүмкүн болгон долбоорлор сунушталат. Ошондой эле Баткен аймагында өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү жана колго жасалган буюмдардын көргөзмөсү уюштурулат.