1903-жылы 17-декабрда АКШнын Түндүк Каролина штатынын Китти-Хок шаарынын жанында биринчи жолу жерден абага учак көтөрүлгөн. Учактын аталышы Флайер-1 болгон. Аны америкалык бир туугандар Орвил жана Уилбур Райт жасап чыгышкан. Биринчи жолу көккө көтөрүлгөндө ал 12 секунданын ичинде 37 метр аралыкка чейин учкан. Бүгүн аталган самолёт Вашингтон шаарындагы Улуттук авиациялык музейде сакталып турат.
17-декабрга карата жылнаама.