Бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги "Ош базарында" троллейбус жөө жүрүүчүнү сүзүп кете жаздады. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, нааразы болгон жөө жүрүүчү троллейбустун терезесин чаап койгон. "Айдоочу айым "терезени сындырып койдуң" деп арыз жазып, ызы-чуу чыгарды. Учурда Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.