Азимбек Бекназаров "Атамбаев президент болгонго чейинки убадаларынын баарын унутту" дейт

“Парламент “Кумтөр” боюнча келишимди жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алышы керек. Бул маселени жалгыз гана спикер эмес парламент чечиши зарыл”. Мындай пикирин бүгүн, 24-апрелде Бишкектин борбордук аянтында өтүп жаткан митингде "Эл үнү" коомдук кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Айтымында, аны бүгүн Ак үйгө киргизбей коюшту. “Кумтөр" боюнча даярдаган мыйзам долбоорго карата элден чогултулган колдор мыйзамдуу экендигин далилдеп бермекмин. Эгерде парламент бул маселе боюнча чечим кабыл албаса, анда биздин мыйзам долбоор өтпөгөндүгү тууралуу жарыя кылышы керек”,- деди ал. Ошондой эле Бекназаров мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев президент боло электе казактарга сатылып кеткен Каркыра жайлоосун кайтарып аларын, “Кумтөр” боюнча келишимди жокко чыгарарын айткандыгын билдирди. “Бир убакта Атамбаев "Ак үйгө кирип, 7-кабатка көтөрүлгөндөр ажыдаар болуп калат” деди эле, азыр өзү ажыдаар болуп калды окшойт. Ал берген убадаларынын баарын унутту”,- дейт Бекназаров.

Азимбек Бекназаров "Атамбаев президент болгонго чейинки убадаларынын баарын унутту" дейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан