Алмазбек Атамбаев: "Митингдер күндө өтсө да, биз андан коркпошубуз керек"

Бүгүн, 24-апрелде президент Алмазбек Атамбаев бир катар мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды. Иш-чара учурунда өлкө башчы өлкөдө өтүп жаткан митингдер тууралуу кыскача оюн билдирди. “Кыргызстан демократиялык калыптануунун эң оор мезгилин басып өттү. Апрель революциясынан кийин үч жылдын аралыгында карапайым адамдар дагы, саясатчылар дагы  демократия – мыйзамдын үстөмдүгү экендигин түшүнүштү. Ал эми мыйзамды бузгандар жоопкерчиликке тартылууга тийиш”,- деп баса белгиледи. 

 

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев "Кыргызстанда кезектеги революция болот" деген божомолдорго өз пикирин айтып, өткөн аптада Парижде өткөн митингди мисал келтирди. “Жекшембиде Парижде өткөн демонстрацияга 300 миңден ашык адам катышты. Француз эли буга катардагы эле окуя катары мамиле жасашты. Азырынча шаардыктар, Кыргызстандын жарандары митингдерге кооптонуу менен мамиле жасап жатышат. Менимче, митингдер – демократиянын белгиси. Митингдер күнүгө өткөрүлсө дагы биз ага көнүп, ал процесстерден коркпошубуз керек”,- деди Атамбаев.  

 

Өлкө башчы бүгүн ар бир кыргызстандык өлкөдө болуп жаткан процесстер тууралуу өз оюн ачык айтууга укуктуу экендигин кошумчалады. 

Айта кетсек, президентке Кытай, Бириккен Араб Эмираты, Египет, Испания, Норвегия, Нидерландия, Кувейт жана Израиль өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы элчилери Ишеним грамоталарын тапшырышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан