"Ата Мекен" фракциясы "КРдагы шайлоолор жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун революциялык бурулуш катары баалап, анын концепциясын жактырды

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын бүгүнкү, 26-апрелдеги жыйынында "КРдагы шайлоолор жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамынын долбоору" талкууланды. Анда ЖКнын төрагасынын кеңешчиси Ишенбай Кадырбеков баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунда 9 аймактык округ (7 облус жана Бишкек, Ош шаарлары) түзүлүп, мандаттар тогуз аймакка бөлүнөт. Дагы бир жаңылык катары бюллетенден сырткары шайлоочулар кайсы талапкерди депутат катары көргүсү келсе, аларга тандоо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, добуш берүү жайларында партиялардын тизмесиндеги өзү тандаган талапкерди белгилөө ченеми киргизилүүдө. Натыйжада мурда партиялар ким депутат болуп келерин аныктап келген болсо, эми өткөн партиялардын тизмесине шайлоочулардын таасири дагы артып жатат.

Долбоорго ылайык, 7 пайыздык босого добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын санынан эсептелет. Ошону менен катар шайлоо комиссияларын өркүндөтүү боюнча дагы жагдайлар орун алган. Участкалык шайлоо комиссиялары жалаң шайлоого катышам деген партиялардын өкүлдөрүнөн болуусу дагы сунушталган. Дагы бир жаңы өзгөчөлүк - депутаттардын ыйгарым укугун токтотуунун критерийлери дагы белгиленген.

Талкууда депутаттар шайлоо өнөктүгүнө багытталган жаңы мыйзам долбоорунун концепциясына революциялык бурулуш катары баа беришти. Депутат Ташполот Балтабаев мыйзам долбоору элибиздин менталитетин жана коомдук пикирлерди эске алганда партияларды ирилештирбей эле аймактык партиялардын түзүлүшүнө алып келбейби деген кооптонуусун билдирди.

Муну баяндамачы шайлоого катышып жаткан партиялар тарабынан 9 аймактык округдарга өздөрүнүн сунуштаган талапкерлерин бериши шайлоочулардын кимге добуш берип жаткандыгын билүүсүн шарттаары менен түшүндүрүп берди.

Ал эми депутат Туратбек Мадылбеков бюллетендерди саноо укугун санаардын алдында чечүүнүн жолу катары шайлоого байкоо жүргүзүп жаткан байкоочулардын ичинен эсептөө комиссиясын түзүүнү сунуштады. Мындай сунушка каршы пикирин баяндамачы туура эмес саналган учур жаралса жоопкерчилик кимге артылат деген суроо чыгарын айтып, ал эми участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мындай мүчүлүштүктөр үчүн мыйзам чегинде жооп берери көрсөтүлгөндүгү менен түшүндүрдү. Талашты жараткан бул жагдай, балким, видеотасмага түшүрүү жолун киргизүү менен чечилер деген оюн фракция лидери Өмүрбек Текебаев ортого салды.

Депутат Карганбек Самаков жаңы түзүлө калган партиялардын шайлоого катышуусун дагы мыйзам аркылуу аныктоону сунуштады. Ал же партиянын иш тажрыйбасын аныктоо же шайлоого катышуу үчүн төгүмдүн көлөмүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан