Жаштардын колу менен Бишкектеги сейил бактардын бирине 200дөй көчөт отургузулду

26-апрелде Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги сейил бакка 200гө жакын ясень дарагынын көчөттөрү отургузулду. Иш-чара "Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы 2013" деп аталып, "Интербилим" эл аралык борбору тарабынан уюштурулду. Айта кетсек, иш-чарада өз ыктыяры менен 100гө жакын мектеп окуучулары жана студенттер жаратылышка кам көрүү максатында жакшы тилек менен көчөт тигишти. Ал эми жаш жана жаңы отургузулган көчөттөргө мындан ары шаардык “Жашылдандыруу” ишканасы кам көрөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан