Бүгүн, 26-апрелде Германия Кыргызстанга медициналык жабдыктардан турган гуманитардык жардам берди. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, гуманитардык жардам президенттин иш башкармалыгына караштуу дарылоо жана ден соолукту чыңдоо бирикмесине, М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жана Кыргызстандагы социалдык мекемелерге берилет. Жардам катары калың төшөктөр, электрондук жана механикалык керебеттер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн арабалар, хирургиялык бөлмөгө жарык берүүчү лампалар, кардиологиялык жана лабораториялык жабдыктар, рентген сүрөттөрүн көрсөтүүчү мониторлор жана башка керектүү буюмдар берилди. Алардын жалпы салмагы 2 тоннаны түзөт.