Сергей Капинос "ЕККУ Баткен облусу менен бардык тараптан кызматташуу көлөмүн жогорулатууну каалайт" деди

Инвестицияларды тартуунун башкы фактору болуп туруктуулук саналат”,- деди ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос бүгүн, 26-апрелде “Баткен-2013” аттуу Баткен облусун өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча 1-Эл аралык форумунда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. "Баткен облусунун келечек мүмкүнчүлүгү чындыгында маанилүү. Бул форумдун мааниси турмушта керектелет деген үмүттөмүн. Сугаруу системаларын жана сугат сууларын натыйжалуу пайдалануу облустун агрардык секторун өнүктүрүүнүн негизин түзөт. Буга байланыштуу, бул маселеге өзгөчө көңүл буруу керек. ЕККУ Баткен облусу менен бардык тараптан кызматташуу көлөмүн жогорулатууну каалайт. Өзгөчө, мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо процессин аяктоого жардам көрсөтүүгө даярбыз. Мындан тышкары, бизде региондун өнүгүшүнө чоң динамика берүүчү бир катар инфраструктуралык долбоорлор бар”, - деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан