26-апрелде маалымат жыйыны учурунда Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министри Серик Абденовду аталган өлкөдөгү “Казакстан коммунисттери” кыймылынын лидери Андрей Цуканов жумуртка менен уруп жиберди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жарыялашты. Цуканов журналисттердин көзүнчө министрге “Карагандыдан салам. Мамлекетти уят кылбагыла!”- деп атырылды. Ыргытылган эки жумуртканын бири министрге даана тийип кийимин булгады жана ондогон видеокамера, фотоаппараттын алдында аны ыңгайсыз абалга кептеди. Учурда аталган кыймылдын лидери кармалып, полиция ага административдик айып сала тургандыгы кабарланууда. Белгилүү болгондой, Серик Абденов 2012-жылы күзүндө министр болуп дайындалган. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, министрдин пенсия берүү тармагында реформа жүргүзүү тууралуу идеясы элдин кыжырына тийип келет. Ал аялдардын пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу керектигин жана бирдиктүү пенсия фондун түзүүнү сунуштаган.