Венесуэлада Уго Чавес атындагы мамлекеттик сыйлыкты Владимир Путинге ыйгаруу чечими кабыл алынды

Венесуэланы 14 жыл башкарган (1999-жылдан 2013-жылга чейин) экс-президент Уго Чавес атындагы мамлекеттик сыйлык Владимир Путинге тапшырылат. Бул тууралуу өлкөнүн учурдагы президенти Николас Мадуро билдирди.

"Владимир Путин өзүнүн лидерлик сапаты менен дүйнөдө тынчтыктын сакталуусуна салым кошууда. Биз андан көп нерсени үйрөнсөк болот", - дейт Мадуро. Сыйлык жакында гана негизделип, быйыл биринчи жолу тапшырылып жатат.

Венесуэланын президенти жакынкы аралыкта бир катар макулдашууга кол коюу максатында Орусияга иш сапары менен келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан