Кечээ, 25-ноябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаңы №21 тергөө изолятору пайдаланууга берилди.
Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, жаңы комплекс Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Норус айылында жайгашкан. Курулуштун жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзөт. Жаңы тергөө изолятору:
- 1500 орунга ылайыкталган;
- Кызматкерлер үчүн 48 батирден турган кызматтык турак жай комплекси курулган;
- Спорт залы, ачык спорт аянтчасы жана кызматтык унаалар үчүн токтотуучу жай каралган.
Белгилей кетсек, аталган мекеме Бишкек шаарында 1943-жылы курулган эски тергөө абагын көчүрүү үчүн салынды.