Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспекти менен Айни көчөлөрүнүн кесилишинде эки автобус сүзүштү. Бул тууралуу күбөлөр социалдык тармактарга видео жарыялашты.
Тасмадан №153 автобус менен №10 автобус сүзүшкөнүн көрүүгө болот. Автор кырсык болгон жерде вице-мэр Рамиз Алиев да болгонун белгиледи.
Окуя боюнча расмий маалымат бериле элек.