Урмат Аманбаева: "Жакыр жашагандар үчүн атайын дарыканаларды ачуу аракеттери жүрүп жатат"

"Өлкө аймагына келип жаткан дары-дармектерди каттоо эки систем менен жүрөт. Биринчиси - талаптардын тартибин толук сактоо жолу менен ишке ашса, экинчиси - жеңилдетилген шарт менен жөндөлө турган жол-жоболор. Мунун өзү коррупцияга жол ача турган ыкма"

 

Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева "Парламент" радиосунун түз эфири учурунда айтты. Депутаттын айтымында, дары-дармектер боюнча дооматтарды иликтөө сунушу көп жолу көтөрүлсө да, маселе толук чечилбей келе жатат жана мунун артында коррупциялык элементтер турат. 

 

Жарандардын дарылардын сапаты боюнча келип түшкөн көптөгөн кайрылууларынын негизинде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бир нече жолу жумушчу комиссияларын түзүп, келтирилген фактыларды аныктоо иштерин алып барганын белгиледи эл өкүлү. Ошондой эле жакыр жашагандар үчүн жеңилдетилген баадагы дарыларды сата турган атайын дарыканаларды ачуу аракеттери жүрүп жаткандыгын кошумчалады Аманбаева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан