27-апрелдеги кыргыз-тажик жаңжалынан улам чогулган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары таркай элек. Аймактык кабарчыбыз маалымдагандай, окуя болгон жерге облус жетекчиси менен Баткен районунун акими барышып элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бирок чогулгандар "маселени толук чечип бербесеңер таркабайбыз" дешүүдө. Учурда Кыргызстан тараптан Ворух анклавына кирген жана аталган айыл аркылуу Лейлек районуна өткөн жол жабылуу. Талаптары аткарылбаса, жолду ачышпай тургандыктарын айтышууда жергиликтүү жашоочулар. Тажик тараптын жарандары да, бийлик өкүлдөрү да бүгүн, 28-апрелде окуя болгон жерге келе элек.
Эске салып кетсек, кечээ Ворух анклавында жашаган тажиктер "Ак-Сай - Тамдык" унаа жолун куруп жаткан кыргыздарга каршылык көрсөтүшүп, ортодо жаңжал чыккан. Анклавдын жашоочулары "жол макулдашылбаган жерге курулууда" деп чуу көтөрүшкөн. Анткени курулуп жаткан айланып өтмө жол (объездная) Ворух анклавына жакын жерден өтөт.