"Элдик видео" бөлүмүнө "Түркияда активисттер долларды өрттөп, тебелеп салышты" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Ardak777).
Видеодон Түркияда жарандык активисттер тарабынан уюштурулган митингди көрүүгө болот. Алар ишкерлерди доллардан баш тартууга чакырып, митинг уюштурушкан. "Бизге Американын акчасынын кереги жок!" - дешет алар.
Муну менен митингчилер өлкө башчысы Тайип Эрдоганды жана түрк лирасын колдоп жатышканын билдиришкен.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.