Барак Обама журналисттердин алдында өзүнүн катачылыктарын моюнга алды

АКШнын президенти Барак Обама 27-апрелде Ак үйдө журналисттер менен болгон салттуу кечки тамак учурунда азыркы күнгө чейин кечирилгис катачылыктарды жасап жатканын моюнга алды. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жарыялашты. Обама олуттуу каталарынын бири катары апрель айынын башында Калифорния штатынын Башкы прокурору Камала Харриске айткан комплиментин эсептей турганын билдирди.

 

"Мен анын өлкөдөгү бардык прокурорлордун ичинен өзгөчө экендигин белгилегем. Ким билет, мен үйгө барганда көйгөйүм бар же жок экенин? Ошол сыңары эле Эрик Холдердин (АКШнын Юстиция министри жана Башкы прокурору) мындай сезимтал экенин ким билиптир",- деди Обама. 

 

АКШнын президенти дагы бир катасы жакында болгон балдардын майрамы учурундагы оюнда орун алганын белгиледи. 

 

"Мен баскетбол аянтчасына чыктым да, 22 жолу шакекчеге топ ыргыттым. Анын экөөсү гана түшүп, 20сы түшкөн жок",- деди президент.  

 

Айта кетсек, Обаманын прокурор айымга карата комплименти апрель айынын башында кайрымдуулук кечелердин биринде айтылган. Анда АКШ ажосу "ал өлкөдөгү өзгөчө прокурор. Ооба, бул чын эле ушундай. Мындан сырткары ал менин эң жакшы досум. Көп жылдан бери мени колдоп келет",- деген. Бул комплимент мамкызматкердин жеке турмушуна кийлигишүү катары кабылданып, кызуу талкуу жараткан. Мындан соң Обама аталган айымдан расмий түрдө кечирим сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан