Азиз Мурадиллаев оор дартка кабылган учурда колдоо көрсөткөн мекендештерине терең ыраазычылыгын билдирди

Бүгүн, 23-январда маалымат жыйынында актёр Азиз Мурадиллаев оор дартка кабылган учурда колдоо көрсөткөн мекендештерине, кесиптештерине жана өлкө башчыга терең ыраазычылыгын билдирди.

"Операциясыз айыгып кетүүнү каалаган элем. Кыргыз элимдин колдоо-кубаттоосу менен ооруну жеңип жатам. Түркияга учуп кетер алдында болгон трагедияны көрүп абдан капаландык, кайгы тарттык. Менин оорум калың элдин кайгысынын алдында эч нерсе эмес эле. Андыктан дарыгерлер кандай чечим чыгарат деп сарсанаа болгон жокмун. Кудайга шүгүр, азыр баары акырындап жакшы болуп келе жатат. Бул күндөрү кыргыз элимдин колдоосун сезип жаттым. Абдан таасирлендим, кубандым, баарына терең ыраазычылык билдирем", - деди А.Мурадиллаев.

Белгилей кетсек, актёрго операция жасалбай турган болду. Ал эми чогултулган акча каражаты Венера Сатылганова менен Мурат Мамбетовдун уулуна жана бир нече адамдын дарылануусуна жумшалары маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bubu88
2017-01-23 15:27:18
Эмнеси болсо да айыгып кетиниз мындан кийин эч качан оорубаныз ашкан акчаны Венера Сатылганованын уулуна которсонуз чоон соопко калмаксыз
+8
ainura220888
2017-01-23 16:06:56
Эмнеге учбай калды? Жетишбей калдыбы операцияга? Цироз баары бир озунукун алат Азиз байке лучше операцияга дагы бир жолу аракет жасап барып корунуз. Чын журоктон айыгып кетишинизди каалайм. Чынында трагедия болгон куну сизди учбай калды деген кабарга учатда койотурбайбы аялы деп билдируу калтырган элем. Мынчалык серьезно экенин билбегенбиз. Кечирим сурайм жана айыгып кетишинизди тилеп дуа кылам. Менин атамды цироз алып тынган суранам дарыланыныз операцияга барыныз.
+2
zoloto61
2017-01-23 17:15:54
Азиз байке биз сизди чын журогубуз менен сыйлайбыз,урматтайбыз.Биз сиздин айыгып кетсе экен деп АЛЛАДАН шыпаа сурап,чын журогубуздон дуа кылабыз,биз эле эмес,мен билген коп адам сиз учун аябай жакшы дуаларын айтышат.АЛЛАХЫМ сиздин оорунузду жок кылып салсын амин.АЛЛАХЫМ жок ооруну бар кылуучу,бар ооруну жок кылуучу.Сиз учун куйуп жатканыбызды соз менен жеткизе албайбыз,бирок АЛЛАХ коруп турат.АМАН болунуз!!!
+1
mirzat94
2017-01-24 15:04:16
Айыгып кетиниз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан