Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Кой-Таш айылында эки күндөн бери тынбай жааган кардан улам окуучулар мектепке бара албай жатышат. Мындан улам жергиликтүү тургундар азыр ашар жолу менен жолду тазалашууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына бүгүн, 24-январда WhatsApp аркылуу билдирди.
"Жааган кардын калыңдыгы тизеге жетет. Өкмөт борбордук жолду тазалап кетет, калган көчөлөр ошол бойдон калат. Калың кардан улам окуучулар сабактарын калтырышты. Жаз келгенде кайрадан эле ушул көрүнүш. Сел каптаса, ашар жолу менен өзүбүз калыбына келтиребиз. Айыл өкмөтү шайлангандан бери бир дагы жолу эл менен жолугуп, арыз-муңун уга элек", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.