ЭЛДИК КАБАР: "Ош-Москва каттамын ишке ашырган учак жүргүнчүлөрдүн жүгүн Ошко таштап коюптур" дейт окурман

Бүгүн, 24-январда Ош-Москва каттамын ишке ашырган "Ural Air" авиакомпаниясынын учагы Москвадагы "Жуковский" Эл аралык аэропортуна жүргүнчүлөрдү алардын жүгү жок түшүрдү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"2 сааттан бери 200гө жакын жүргүнчү аба майданында эмне кыларын билбей, баштары катып отурушат. Компаниянын кызматкерлеринен жүктөрүбүздүн качан келерин сурасак, алар учакка батпай калганын айтып, ушул бейшембиде алып келишерин убада кылышты. Биздин жүктөрдүн ордуна башка жашыруун нерселерди алып келдиби деген ой жаралып жатат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
akdobo
2017-01-24 15:53:28
Жаны жыл астында келинчегим келди эле ямал авиа компаниясы менен алынган билет болчу 1кун задержка болуп учуп келди. Мен ойлоп калдым жуковский аэропорту жоопкерчилик дегенди билишпейт окшойт ал жерге барып алып куто берип таска чыкты
+2
cubich
2017-01-24 16:18:40
Иним учуп кетти эле ушул рейсте, звонок кыла элек, звонок кылса билебиз го.
0
cubich
2017-01-24 16:27:44
Чындап эле таштап кетиптир жукторун. Качан алып барып берет азырынча белгисиз экен.
0
kaya89
2017-01-24 16:43:17
саат канчадагы рейс экен билгендер болсо жазып койгулачы
0
cubich
2017-01-24 17:00:44
kaya89,Эрте мененки саат 6 дагы Кыргызстандын сааты менен.
0
talant87
2017-01-24 18:05:54
оздору эсен аман жетип алыптырго
+1
Gulnur1980
2017-01-24 19:40:15
talant87,аман эсен жеткендери жакшы дечи,бирок апаларыбыз салып берген сары май,куруттар жетип келгиче шашабыз да))Авиакомпаниянын бул шылтоосу окшобой калыптыр жук батпай калды деген,ойлосонор Кыргызстандан эмне алып келмек элек анчалык оор болгудай.Биз Кыргыздарды оюнчук эле кылып алышты ХХХ баштар!!!
+4
kamchatka
2017-01-24 18:50:08
Аэропорттун бери жагына ХХХ жибергиле!
-1
Rapas
2017-01-24 19:28:57
kamchatka,аэропорт причем???Бул жерде авиа компания кунолуу!!!
+1
more22
2017-01-24 19:57:34
ХХХ булар аэропорт тун болбосо жеке юристерге кайрылгыла компенсация ондургулода
0
Kurguzumkg
2017-01-24 20:32:30
Арызданыш керек!дегеле Жуковский аэропорту атайын сорттоштуруп салынган точнее чуркалар учун бул кылыктары жиндиге дагы белгилуу!!!Ачуу чындыкты жазганым учун кечирим сурайм!
+1
tyrgon
2017-01-25 00:43:01
мен постоянно аерофлот менен учам жакшы эмиле мактаган кыз той. ....... кылбасале болду))))))
0
mira77
2017-01-25 01:16:19
Жуктун ордуна контрабанда келди да ,эми жукту кийинки чон самолетторго тыгышат да ,негизи уральские авиалиния эн начар авиалиния деп табылган 2015 жылы
0
Adil706070
2017-01-25 02:28:07
тиешелуу органдарга ошончо адамдын атынан арыз жазып кайрылыш керек.жуктордун ичиндеги бузулуп кеткен нерселер учун авикомпания компенсация толоп бериши зарыл болот
0
Klara87
2017-01-25 03:52:29
ХХХ кыргыздарга боло берет деп ар нерсе кыла беришет экен да.
0
admin_portal
2017-01-25 08:52:44
Klara87, more22, этика нормаларын сактаңыздар!
0
Aikyn93
2017-01-25 08:44:50
ХХХ боло берет десе керек
0
admin_portal
2017-01-25 08:53:40
Aikyn93, kamchatka,провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Оозеки эскертүү!
0
bond02
2017-01-25 09:13:25
Эми ал жугунор ордунда турат бекен десенер.
0
nur_zhoni
2017-01-25 11:15:01
Бир болсо ушул айдын женуучусу элдик кабардын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан