Бишкектин четине кулаган Боинг 747-400 учагындагы жүктүн баары Стамбулга жеткирилмек болгону аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда маалымат жыйынында Мамлекеттер аралык авиация комитетинин өкүлү, кырсыкты иликтеген комиссиянын төрагасы Леонид Каширский билдирди.
Эксперт жүктүн ээси кайсы компания экенин айтуудан баш тартты. Муну учак кырсыгын иликтөө иши аяктай электиги менен түшүндүрдү.
Каширский журналисттерди кызыктырган көп суроолорго так жооп айтпай, окуяны иликтөө аяктай электе туура эмес маалымат берип алуудан абайлоо керектигин билдирди. Кырсыкка эмне себеп болгону да белгисиз, эксперт "бардык версиялар каралып жатат" деген жооп узатты.
Буга чейин учактагы жүк Кыргыз жерине түшүрүлмөк деген версиялар чыккан эле. Буга учак кырсыгы болгон жерден табылган электрондук аппараттардын кыргызча жазылган нускамалары жана башка жагдайлар түрткү болгон. Жүктүн ким экенин өкмөт жашырып жатканын Жогорку Кеңештин депутаттары да айтып чыгышканы белгилүү.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747-400 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Бүгүнкү күнгө карата каза тапкандардын саны 39. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтеп жатат.