Мындан 169 жыл мурун, 1848-жылы 24-январда Америкадагы "Саттер" аттуу карагай тилген жайда алтын табылып, адам баласын акылынан адаштырган "алтын безгеги" ("Калифорнийская золотая лихорадка") башталган. "Саттер" карагай тилген жайы XIX кылымдан тарта калифорниялык ишкер Жон Саттерге тиешелүү болгон. Ал Американ-Ривер суусунун боюндагы Колома аттуу чакан шаарда жайгашкан. Саттердин жумушчуларынын бири 1848-жылдын 24-январь күнү суудан бир канча тоголок алтын таап алган. Бул окуя уйкуда жаткан Калифорнияны будуң-чаңын чыгарган "алтын безгегине" түрткөн. Тагыраак айтканда, чет өлкөлөрдөн жана АКШнын башка штаттарынан 300 миңге жакын адам Калифорнияга келип, алтын каза баштаган.
"Алтын безгегинен" соң аз убакыттын ичинде Сан-Франциско шаарында, Калифорнияда жолдор, мектептер жана чиркөөлөр курулган. 1850-жылы Калифорния расмий түрдө АКШнын штаты болуп, "Алтын штат" аталган. Айыл чарба тез аранын ичинде өнүккөн.
24-январга карата жылнаама.