Оппозиция өкүлү УКМКны жоюуну сунуштады

Кыргыз жеринде Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин саясатка аралаштырбоо керек. Мындай пикирин оппозиция өкүлү Бегалы Наргозуев бүгүн, 24-январда Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.

Мурунку президенттердин тушунда деле УКМК тарабынан тыңшоолор, аңдуулар, куугунтуктоолор болгонун белгилеген Наргозуев: “Азыр андан да жаман куугунтуктоолор болуп жатат. Бүгүнкү күндө бирөөнүн сөзүн тыңшап, жазып алып, монтаждап, камап койгон учурлар кездешүүдө. Ошондой эле 1-топтогу майып киши социалдык түйүндөгү баракчасына бийликти сындап ыр жазып койсо, аны УКМК суракка чакырыптыр. Бул окуялар УКМК эч качан оңолбой турганын далилдөөдө. Ошондуктан УКМКны жоюп, мамлекеттин коопсуздугун коргой турган өкмөттүн алдындагы чалгын кызматын түзүү зарыл”, - деди.

Эске салсак, борбор шаарда "Социалдык түйүндөргө басым: Кантип коргонуу керек?" деген темада тегерек стол өтүп, ага бир топ оппозиция өкүлдөрү катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
souza.j
2017-01-24 19:23:44
УКМК кызматы мамлекеттин коосуздугун караса болмок. Муралиевге окшогон чыккынчылар толуп жатат. Карапайым элге эле туйшук болушууда. Шапалак болуп.
+5
kemel81
2017-01-25 00:20:04
Туура жоюу керек. Ушулар иштебеген учун криминал мектептен отуп садике жетейин деп калды. Шаарларды эмес айылдарды смотрающийлер карап калды. Келечек кандай болот ?????
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан