Бишкектеги курулуш компаниясы уруксат кагаздары жок көп кабаттуу турак жайдын курулушун баштаган

Бишкек шаарында “Аалам Строй” жоопкерчилиги чектелген коому мыйзамды одоно бузуу менен курулуш ишин баштаган. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аталган ишкана эч кандай уруксат кагаздары жок Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде көп кабаттуу турак жайдын котлованын казып, оор унаалар менен кум-шагыл ташып иш жүргүзө баштаган.

"Иликтөө иштеринин негизинде аталган ишканада иштеп жаткандар “Аалам Строй” ЖЧКсынын ээси инспекторлорго жолугуудан баш тартканын билдиришти. Мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан
иш-аракеттеринин негизинде экологияга одоно зыян келтирилип жаткандыгы тууралуу коңгуроо кагылды. Себеби айлана-чөйрөгө кум-шагылдар иретсиз төгүлүп, жер кыртышы бузулган. Ал эми жүк ташыган оор унаалардын дөңгөлөктөрү баткак болуп, шаар көчөлөрүн булгап жатат", -
деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган ишкананын мыйзамсыз курулуш иштери токтогону кошумчаланат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Artur555
2017-01-25 09:25:07
Аалам строй - дагы бир чиновниктин курулуш компаниясыдыр да. Буларга закон иштебейт да. Закон карапайып элге иштейт. Коросунор го эртен еле законно курулуп жатат деп айтып чыгат.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан